COVID-19: Акыркы суткада бустердик дозаны 2,1 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 2 миң 159 адам алган. Алсак, Бишкекте 239, Ош шаарында 79, Чүй облусунда 157, Ош облусунда 279, Талас облусунда 63, Нарын облусунда 74, Ысык-Көл облусунда 530, Жалал-Абад облусунда 562, Баткен облусунда 176 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
- биринчи дозасын 6 миң 966 адам алды, жалпы 1 млн 369 миң 171 адам;
- экинчи дозасын 624 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 116 миң 986 адам;
- бустердик дозаны 2 миң 159 адам алды, алардын жалпы саны 85 миң 886 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий