Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 968 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 521 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 447 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 913 миң 218 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 692 миң 696 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий