• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

COVID-19. Бишкекте дагы 3 мектеп онлайн окутууга өттү. Жалпы 16

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. 19-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 627 учурду түздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө онлайн окутууга дагы үч мектеп жөнөтүлдү: №30, 17 жана 32.

Жалпысынан Бишкек шаарында убактылуу аралыктан окутууга 16 мектеп жөнөтүлдү: Свердлов району боюнча (4, 11, 12, 38, 67, 30, 32), Биринчи май району боюнча (6, 18, 29), Октябрь району боюнча (17, 26, 88, 62, 60, 73).

"Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада ооругандардын саны өсүүдө. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: беткап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң эффективдүүсү эмдөөдөн өтүү. Өтүнөбүз, ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий