• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

COVID-19 боюнча статистика: 107 жаңы учур катталып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-ноябрга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 64, Чүй облусунда – 20, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 105 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 557 бейтап, амбулатордук түрдө 792 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий