• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

COVID-19. Дагы эки жеке лаборатория коронавируска текшерүү жүргүзө баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы эки жеке лаборатория коронавируска текшерүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Аквалаб” жана “Экспресс” плюс лабораторияларына ПЧР жана ИФА-тест жүргүзгөнгө уруксат берилди. ПЧР-анализдин баасы 1,6 миң сом болуп жатат. ИФА-тест боюнча экөөндө айырма бар”, - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин жеке лабораториялардын ичинен “Бонецкий” лабораториясы коронавируска текшерүү жүргүзүп келген.

Пикир

Оставить комментарий