• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Эмгекке жарамсыздык баракчаларын жана башка документтерди кантип алууга болот?

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Анара Шакеева брифинг учурунда өзүнчө обочолонгон же коронавирус менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгон жарандарга эмгекке жарамсыздык баракчаларын жана башка документтерди кантип алууга болорун айтып берди.

“COVID-19дун симптомдору жана ага шектенүү пайда болгондо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан текшерилген жана илдет аныкталган күндөн тартып бейтаптар менен байланышта иштегендердин ПЧР оң жыйынтыгы же пневмония болсо, эмгекке жарамсыздык баракчалары ачылат. Ал эми мектепке чейинки курактагы, мектеп жашындагы балдарга, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине маалымкат берилет. Эгерде коронавирустук инфекциянын симптомдоруна шектенүү болсо, биринчи кезекте жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлерге каттоо жайынын телефону же уюлдук телефон аркылуу кайрылуулары керек. Ошондой эле “118” call-борбору аркылуу мобилдик топко кайрылыңыз”, - дейт ал.

Шакеева кошумчалагандай, эмгекке жарамсыздык баракчалары төмөнкүлөр:

• жарандар ооруп калганда
• жаракат алганда
• кош бойлуу болгондо
• төрөттө убактылуу ишке жарамсыздыгын күбөлөндүрүүчү документ.

“Алдын алып дарылоо уюмдарында убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы экспертизадан өткөрүү боюнча нускамага ылайык берилет. Эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык мекеменин ыйгарым укуктуу дарыгерлери тарабынан гана берилүүгө укуктуу. Эмгекке жарамсыздык баракчасы жумуштан бошотууга жана жөлөкпул төлөөгө негиз болуп саналат. ҮДТ, ҮМБ, ЖДПБ деңгээлинде амбулатордук дарылоо учурунда ПЧР оң жыйынтыгы менен COVID-19 жеңил жана симптому жок формада ооруган бейтаптарга жана ооругандар менен карантин мезгилинде байланышта болгондорго ҮДТ башчысы менен бирге 14 күн өзүнчө обочолонуу берилет. 10-12-күнү контролдук ПЧР алынат. Эгерде жыйынтыгы терс болсо, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылат жана жумушка чыгарылат. Эгерде ПЧР терс болуп, бирок пневмония аныкталса, анда жеңил формада ал амбулатордук негизде дарыланат жана биринчи күндөн тартып эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылат”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий