• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Исмаилова Россиянын көрсөтүп жаткан жардамы жана колдоосу туурасында айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстан Россиядан коронавирус тараган алгачкы күндөн тарта гуманитардык жардам алууда. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө гуманитардык жардам гана келбестен, донордук жана адистик жардамдар да келүүдө. Алсак, жакында россиялык медиктер COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн республикага келишкен.

“Россиядан жардам дагы деле уланууда. Кыргызстанга 50 медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн - дарыгер, реаниматолог, жугуштуу оорулар боюнча адис жана эпидемиологдор. Учурда алар аймактарда иштеп жатышат. Кыргызстанга келгенде Бишкекте эки күн иштеген. Медиктер "кызыл зонада", эпидемиологиялык очокто жана реанимациялык бөлүмдө да иштешти. Ошондой эле алар Улуттук госпиталга барган. Ал жерде кандай көйгөйлөр бар, эмнелерди оңдош керектигин көрдүк. Биринчи күндөрү бир нече топ аймактарга жөнөп кетишкен. Азыр алар кызыл аймак болгон Чүй облусунда, Нарын облусунда, Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда жергиликтүү медициналык кызматкерлер менен биргеликте иштеп жатышат”, - деди ал.

Исмаилова кошумчалагандай, россиялык адистер бир ай Кыргызстанда болушат. “Зарыл болсо россиялык медиктер өлкөдө көбүрөөк жүрүшү мүмкүн. Дарыгерлердин арасында эпидемиологдор жана вирусологдордун күчтүү тобу бар. Топту Наталья Пшеничная жетектейт. Ал абдан күчтүү адис. Биргелешкен аракеттерибиз менен биз жакшы натыйжаларга жетишебиз”, - деди вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий