Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Кызыл Жарым Ай коому Бишкек шаары боюнча тез жардам кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кызмат COVID-19 белгилери бар адамдарга жардам көрсөтөт.
Төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
- баштапкы текшерүү;
- оксигенотерапия;
- ооруканага жаткыруу.
Ыкчам байланыш телефону (саат 09:00дөн 18:00гө чейин): +996 703 307 307.
Пикир
Оставить комментарий