Ушул жылы Тышкы иштер министрлиги өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул улуттук дипломатиянын тарыхындагы маанилүү этап болуп эсептелет. Мындай маанилүү датага карата министрликтин, ошондой эле анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин (элчиликтер, башкы консулдуктар жана Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү) калыптанышына жана жетишкендиктерине арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, алдыга жаңы максаттар коюлду. 80 жылдык мааракебизди жана 24-октябрь – Дипломатиялык кызматкерлер күнүн утурлап, Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси жана анын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү COVID-19 пандемиясынын учурунда туш болгон, белгисиз чакырыктарга карата кандай аракеттерди көрүшкөнүнө жана аткарган иштерине токтолуп, окурмандар менен ой бөлүшкүм келип турат.
2020-жылы COVID-19 пандемиясы адамзат үчүн глобалдык кризиске айланып, ар бирибиздин жашообузга чоң таасир калтырганы баарыбыздын эсибизде. Ал учурда саламаттык сактоонун улуттук системасы коллапстын чегине жетип, глобалдык байланыштар токтоп, дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик түзүмдөр капыстан келген белгисиз илдеттин кесепетинен чыккан кризис менен күрөшүүгө аргасыз болушту.
Пандемия шартында ТИМ жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелери чет жактагы он миңдеген жарандарга кол сунуп, жардамын көрсөтүп, аларга таяныч, тирек боло алышты. Дипломаттарыбыз четте калган жарандарыбызды эвакуациялап, эл аралык жардамды координациялашты, ошол эле мезгилде кыйынчылыктарга карабай консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү токтотушкан жок. Пандемия учуру дипломатиянын протоколдук жолугушууларынан алда канча кеңири багытта экендигин көрсөттү. Аны менен бирге, дипломаттардын кесипкөйлүгүн, туруктуулугун жана кризиске карата ыкчам чечим кабыл алууга даярдыгын сынады.
Тилекке каршы, COVID-19 көптөгөн адамдардын, анын ичинде ТИМдин бир нече кызматкерлеринин жана алардын жакындарынын өмүрүн алып кетти. Өз иштерине берилгендик менен мамиле кылып, милдеттерин так, ак ниеттүүлүк менен аткарып жатып, жарык дүйнө менен кош айтышкан кесиптештерибиздин элестери түбөлүккө эсибизде сакталып калды жана мындай окуялар келечектеги чакырыктар үчүн маанилүү сабак болду.
Жарандарды эвакуациялоо: мүмкүнчүлүк чегинде иштөө
COVID-19 пандемиясы миллиондогон адамдарды чет өлкөлөрдө кыйынчылыкка дуушар кылды. Ошондой шартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдында чет жактагы жарандарыбызды тез арада өлкөгө эвакуациялоо милдети турду.
Чектөөлөргө карабастан, дипломаттар күнү-түнү жарандарга колдоо көрсөтүп, жигердүү иштердин натыйжасында чет мамлекеттер жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүү аркылуу өлкөгө каттамдарды уюштуруп, жарандарыбызды мекенине кайтарууга мүмкүн болду. Эң оболу аярлуу топторду - улгайган жарандарга, кош бойлуу аялдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго жардам көрсөтүштү.
Дипломаттар 2020-жылы дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдүн чек аралары жабык турганда, дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн Кыргызстандын 57 миңден ашуун жарандарын мекенге кайтарышты. 227 чартердик каттамдар уюштурулду, алардын ичинен 157си Россиядан, ал эми калгандары Түркиядан, БАЭден, Индиядан, Пакистандан, Кувейттен, Сауд Арабиядан, Бангладештен, Улуу Британиядан, Германиядан, Беларустан, Кытайдан, Япониядан, Кореядан, Монголиядан жана башка өлкөлөрдөн уюштурулду.
Четтеги жарандарыбызды мекенге кайтаруу иши “Авиа Траффик Компани”, “Эйр Астана”, “Аэрофлот”, Turkish Airlines, “Урал авиалиниялары”, S7, Fly Dubai жана башка жергиликтүү жана эл аралык авиакомпаниялардын колдоосу менен жүзөгө ашырылды.
Пандемия учурунда биз үй-бүлөбүз менен Казакстанда болуп, мен элчи катары иштеп турган кезге туура келди. Айланада болуп жаткан окуяларга, вирустун тарап жатканына карабай, элчиликтин кызматкерлери өз иштерин токтотушкан жок, жарандар менен телефон жана видеоконференциялар аркылуу үзгүлтүксүз байланышып, тынымсыз өзгөрүп жаткан кырдаалга ыкчам жооп кайтарып турушту. Аны менен бирге жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уланта беришти.
Ошол учурда Казакстан башка өлкөлөрдөн, өзгөчө Россиядан эвакуацияланган кыргызстандыктар үчүн маанилүү транзиттик пункт болуп берди. Элчиликтин иши жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн алып чыгуу, Казакстанда жашаган кыргызстандыктарга жардам берүү жана жарандарга Казакстандын аймагы аркылуу өтүшүнө жана жүктөрдүн транзитине көмөк көрсөтүү боюнча үч негизги багытта иштерди камтыды.
Жарандардын эң көбү, 45 миңден ашык адам Россиядан эвакуацияланды. Россия менен Казакстандын бийликтери менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде Казакстандын аймагы аркылуу 11 миңден ашуун кыргызстандык 203 автобус менен мекенге кайтарылды. Бул мезгилде биздин дипломаттар иш жүзүндө чек арада жашап, эвакуация иштерин уюштуруп, координациялап турушту.
Пандемия учурунда чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн (жүк-200) мекенге кайтаруу иши өзгөчө орунду ээледи. Россия жана Казакстандын бийлик органдары менен биргеликте бул маселени ыкчам чечип жаттык.
Эл аралык тилектештик
COVID-19 пандемиясы учурунда, өзгөчө, ар бир демилге маанилүү болуп турган чакта, ТИМ өлкөгө эл аралык жардамды тартуу боюнча активдүү иштерди аткарды. Улуттук саламаттыкты сактоо системасына басым күч болуп, кыйын кырдаалга туш болуп турганда, сырттан алынып келинген ар бир материалдык жана гуманитардык жардам саламаттык сактоо системабыздын жөндөмүн колдоого зор салым болду, анын иштеп турушуна чоң көмөк боло алды. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрүнөн, алардын ичинде БУУ жана ДССУ сыяктуу таасирдүү уюмдардан, ошондой эле жакынкы жана алыскы мамлекеттерден колдоо сурады.
ТИМ жана чет өлкөлөрдөгү мекемелер вакциналарды, жеке коргонуу каражаттарын, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, тест-системаларды, дары-дармектерди жана медициналык кызматкерлер үчүн коргоочу шаймандарды жеткирүү боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушту. Жигердүү дипломатиялык иштин натыйжасында өлкөбүзгө Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түштүк Корея, Катар, АКШ, Швейцария, ЕБ өлкөлөрү, Венгрия, Иран, Азербайжан жана башка мамлекеттер тарабынан олуттуу жардамдар көрсөтүлдү. Мындай аракеттердин жыйынтыгында өлкөгө 100 млн АКШ долларынан ашык каражат тартылып, ал каражаттар пандемия менен күрөшүүдө маанилүү орунду ээледи.
2020-жылдын өтө оор айларында, Кыргызстан БУУ жана анын агенттиктери, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардан да колдоо алды. Алар зарыл болгон ресурстар менен камсыздап, логистикага жардам беришип, сырттан келген жардамдарды өлкөнүн региондоруна кеңири жайылтууга өбөлгө болушту.
Мындан тышкары, ТИМ бюджетти колдоо жана тышкы карызды реструктуризациялоо үчүн гуманитардык жана финансылык жардам сырттан тартууга көмөктөштү. Маанилүү жетишкендиктердин бири 2020-жылы тышкы карызды тейлөөнү убактылуу токтотту, бул өлкөнүн ичиндеги абалды турукташташтырууга зор жардам болду. 2021-жылы элди вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп турган чакта эл аралык өнөктөштөр баа жеткис колдоо көрсөтүштү.
Мындай татаал шартта биздин мекендеш-ыктыярчылардын жардамы өзгөчө орунду ээледи. Кыйын кырдаалга туш болгон адамдарга жан дили менен жардам берүүгө даярдыгы, ак ниеттүү аракеттери баарыбыздын жүрөгүбүздү жылытты.
Дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн каражат чогултууну уюштурган эл аралык уюмдарда иштеген кыргызстандыктардын салымын да эскербей коюуга болбойт.
Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган мекендештерге өзүнчө ыраазычылык билдирүү ашыкча болбос. Анткени алар дүйнөнүн булуң-бурчунан өз жардамын - акча каражаттарды, дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды жөнөтүп, Мекен менен болгон ажырагыс байланышты даңазалашты. “Эл болбосо, эр болбойт” деген элибизде накыл кеп бар. Бул макал кыйын учурда көрсөтүлгөн элибиздин биримдигин мыкты сыпаттап берди.
Дипломатия - жаңы форматта
COVID-19 пандемиясы эл аралык дипломатияны болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар кылды, өз ара мамиле куруунун көнүмүш ыкмаларын бузду. 2020-жылы көптөгөн жолугушуулар жана иш-чаралар токтоп калды же алар онлайн жаңы форматына өткөрүлдү. Мындай көнүмүш эмес шартта ТИМ эл аралык байланыштарды колдоо максатында онлайн-форматка өтүп, ийкемдүүлүгүн көрсөтө алды. Виртуалдык саммиттер жана видеоконференциялар өз ара аракеттенүүнүн негизги куралына айланып, ортодогу мамилени колдоо эле эмес, аны менен бирге кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.
Кыргызстандын ТИМи саламаттыкты сактоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча глобалдык талкууларга активдүү катышып, союздаштар жана эл аралык уюмдар менен стратегиялык мамилелерди сактоодо негизги ролду ойноду. Карым-катыш чектелгенине карабастан, байланышуунун жаңы ыкмалары аркылуу эл аралык коомчулук менен диалог улантылды. Пандемия иштин жаңы форматын жайылтуунун катализаторуна айланып, санариптик технологиялар өз ара карым-катыштын негизи болуп калды. Мындай шарт глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө натыйжалуу катышууга жана эл аралык кызматташтыктын горизонтторун кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.
Эмгек мигранттарын колдоо: мекендештерге чет жерде кам көрүү
COVID-19 пандемиясы четте жүргөн эмгек мигранттарыбызга өзгөчө Россия менен Казакстанда жүргөн мекендештерибизге чоң кыйынчылыктарды алып келди. Алардын көбү жумушунан айрылып, үйлөрүнө кайта албай жана социалдык кызматтарды ала албай, обочолонуп калышты.
Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиз мигранттарды коргоо үчүн алардын жашоо шарттарын жеңилдетүү максатында, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, олуттуу аракеттерди көрүштү. Тактап айтканда, миңдеген кыргызстандыктардын уруксат берүүчү документтеринин мөөнөттөрүн узартуу, алардын мыйзамдуу статусун сактап калуу жана керектүү медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу боюнча аракеттер тынымсыз жүргүзүлдү, ошондой эле, аларды укуктук жактан коргоо механизмдери камсыздай алышты.
Ыктыярдуу мекендештер менен биргеликте студенттерди жана муктаж болгон мигранттарды азык-түлүк менен камсыз кылган өз ара жардамдашуу фонддору уюштурулуп, гуманитардык жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Дипломаттар мекендештерибизге убактылуу жумуш табууга жардам берип, үйлөрүнө кайтуу үчүн акысыз репатриациялык каттамдарды уюштурушту. Ошол кезде уштурулган ыкчам байланыш телефондору жана консулдук пункттар чет өлкөлөрдөгү көптөгөн кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрү үчүн кырсыктан куткаруу боло алды.
Учурдан пайдаланып айрым фактылар менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. Көптөгөн өлкөлөрдө коронавирустун кесепетинен мектептердин жабылышы билим берүү процессине терс таасирин тийгизди. Астана шаарында жашаган кыргызстандыктар Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине кайрылып, балдарды дистанттык негизде окутууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Казак тарап менен макулдашуунун натыйжасында Астана акимчилиги кыргызстандык балдарга ноутбук бөлүп берип, аларды интернет менен камсыздаганын белгилеп коюшум ашыкча болбостур.
Пандемия консулдук кызматтарды санариптештирүү процессин да тездетти. Министрлик, “Консулдук эсепке алуу”, “Паспорт”, “ЖААК”, “Талап кылуу”, “Мекенине кайтуу күбөлүгү”, “Айдоочулук күбөлүк”, ошондой эле “Электрондук виза” сыяктуу автоматташтырылган маалымат системаларын ишке киргизип, жакшыртты. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык консулдук кызматтарга тарифтер төмөндөтүлдү, мындай чара жарандарыбыз үчүн дагы бир маанилүү колдоо катары бааланды.
Санитардык чектөөлөргө карабастан, Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колдоосун улантышты. 2021-жылдын маанилүү окуясы - маалыматтык кампанияны кеңири жүргүзүү жана кыргызстандыктар менен байланышты колдоо талабы коюлган президенттик шайлоо жана референдумду мөөнөтүнөн мурда өткөрүү болду.
Ошентип, глобалдык туруксуздук жана кризис шарттарында ТИМ жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиз эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен, аларга кам көрүүнү улантып, жогорку жоопкерчиликти даңазалай алды.
Пандемия сабактары: жаңы чакырыктар жана адаптация
COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын бүткүл мамлекеттик системасы үчүн катаал сыноолордун бири болду. Аны менен бирге күтүлбөгөн кризистерге Кыргызстандын бекемдиги жана даярдыгы сыноодон өттү. Пандемиянын тажрыйбасы өлкөбүздүн жана жарандарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо иштеринде алдыңкы сапты ээлеген дипломатиялык кызмат үчүн чыныгы сабак болду.
Бул кризис - ийгиликтүү дипломатиялык иштин негизги факторлору - ийкемдүүлүк, ыкчамдык жана катаал кырдаалдарда эл аралык байланыштарды тез түзүү жөндөмүнө ээ болуу зарылдыгын ачык көрсөттү. Дүйнө тез өзгөрүп жаткан шартта мындай сапаттар абдан маанилүү экендигин көрсөттү. Биз туш болгон ар бир кыйынчылык дипломатиялык командабызды бекем болууга үндөп, келечектеги кыйынчылыктарга жоопкерчиликти күчөттү.
Бүгүн артка кылчайып карасак, пандемия көнүмүш адаттардын тартибин кадыресе гана өзгөртпөстөн, максаттарыбызды жана артыкчылыктарыбызды кайрадан карап чыгууга мүмкүндүк берди. Бул кризис – гумандуулуктун, тилектештиктин жана эл аралык өз түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүн тереңирээк түшүнүүгө түрткү берди. Ошондон улам, кандай гана дипломатиялык ишмердүүлүк болбосун, жогорудагы принциптерге таянуу менен түзүлүшү зарыл деп эсептейм.
Учурдан пайдаланып, ошол татаал мезгилди жеңүүгө жардам бергендердин баарына: жогорку органдарга, ошол кездеги ТИМ жетекчилигине, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекеме башчыларына, өзгөчө өнөктөш мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга терең ыраазычылык билдирем. Биздин команданын биримдиги жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу – ошол кезде алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга негиз боло алды. Дипломаттар келечек муун үчүн коопсуз, адилеттүү жана гүлдөгөн дүйнөнү курууга өз салымын кошуп, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр.
Пикир
Оставить комментарий