• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19: Ооруканада жаткан 1 миң 667 бейтап айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан пневмонияны эсепке алганда, жалпы 1 миң 667 жаран айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 14 миң 776 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 654
  • Чүй облусу – 376
  • Ош облусу – 181
  • Талас облусу – 66
  • Нарын облусу – 76
  • Ысык-Көл облусу – 138
  • Жалал-Абад облусу – 100
  • Баткен облусу – 50
  • Ош шаары – 26

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 28 миң 251ге жетти. Илдеттен жалпы 14 миң 776 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1079ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий