Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Ош жана Чүй облустарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылында дизинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Ош облусунун 7 районунда жана 90 жергиликтүү аймакта, коомдук жайларда, мекеме-имараттарда, жолдордо дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатышат. Облус аймагында учурда ун жана күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жетиштүү.
Пикир
Оставить комментарий