COVID-19. Дарынын 12 түрү, жабдыктардын 23 түрү боюнча жетишпестик бар − Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев учурда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоодо кайсы жабдыктар, канча түр дары боюнча жетишпестик бар экенин айтты.

“56 дары керек болсо, бүгүнкү күнү анын 12 түрү жетишпей жатат. Ал нерсе дарылар жок дегенди түшүндүрбөйт, бирок ал дарылар жетишпей жатат. Алардын запасы болушу керек. 42 түр дарынын 3 айлык убакытка жете тургандай запасы бар”, - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, стандарт боюнча 39 түр шайман, жабдык керек деп бекитилсе, бүгүнкү күнү анын 23 түрү боюнча жетишпестик бар.

“Негизинен оксигенаторлор жана жасалма жем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий