• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

COVID-19. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер ооруга чалдыккан

COVID - 19 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3 медик ооруп калган.

“Бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3123 учур катталды, алардын ичинен 2424 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 587ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 726 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий