• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

COVID-19: Өзбекстанда үйүндө дарыланып жаткан бейтаптарга кычкылтек концентраторлору бекер берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыгып чыккандан кийин үй шартында реабилитациядан өтүп жаткан жарандарга пульсоксиметрлер менен кычкылтек концентраторлору убактылуу колдонууга бекер бериле баштайт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды берүүнүн тартибин иштеп чыгуу тапшырылды. Маалыматка караганда, пульсоксиметрлер менен кычкылтек концентраторлорун жакынкы ооруканалардын мүмкүнчүлүгүнө жараша келишимдин негизинде берүү каралууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 66 141 кишиге жетти. Алардын ичинен 63 323ү айыгып, 558 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий