Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
- биринчи дозасын 3 миң 48 адам алды, жалпы 1 млн 482 миң 608 адам;
- экинчи дозасын 332 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 241 миң 291 адам;
- бустердик дозаны 1 миң 383 адам алды, алардын жалпы саны 154 миң 875 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий