Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн келген финансылык каражаттардын пайдаланышы боюнча маалымат таратты.
Бюджетти колдоо жана COVID-19дун жайылышын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин 170,8 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатына төмөнкүлөр каржыланды, анын ичинде:
- 89,1 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерине, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалды;
- 6,2 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерин, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрүнө багытталды;
- 26,3 млн АКШ доллары пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды;
- 22,3 млн АКШ доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медициналык мекемелерди камсыздандырууга багытталды;
- 2,0 млн АКШ доллары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого жумшалды;
- 14,5 млн АКШ доллары калктын аз камсыз болгон катмарынын жөлөкпулуна кетти;
- 1,3 млн АКШ доллары медициналык товарларды жана тейлөө кызматтарын сатып алууга багытталган;
- 3,0 млн АКШ доллары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запасты толтуруу максатында дан эгин сатып алууга жумшалган;
- 1,3 млн АКШ доллары COVID-19га каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор жашоо шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга багытталган.
Каражаттардын калган суммасы 148,4 млн АКШ долларын экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоо пландалууда.
Мындан тышкары COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өнүктүрүү боюнча эл аралык донорлордон жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык жана техникалык жардам тартуу иштери жүргүзүлүүдө.
2020-жылдын 13-июлуна карата бул иштердин алкагында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 17,7 млн АКШ доллары суммасында жардам көрсөтүү маселеси иштелүүдө, анын ичинен 7,9 млн АКШ долларына медициналык жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, жабдуулар, керектелүүчү материалдар жана азык-түлүк товарлары алынган.
Бул 17,7 млн АКШ долларынын 13,1 млн АКШ доллары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө (3,7 млн АКШ долларына жардам алынган), чет өлкөлөргө – 4,6 млн АКШ доллары (4,2 млн АКШ долларына жардам алынган) туура келет.
Пикир
Оставить комментарий