• 87
  • 90.58
  • 0.83

COVID-19дун көбөйүшү эмнеге байланыштуу? Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы 30-июлда коронавирустун 1 миң 965 жаңы учуру катталды, анын ичинен 1 миң 490ну Бишкек шаарына туура келет.

Саламаттык сактоо жанан социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргеней, илдеттин көбөйүшүн адистер төмөнкү факторлорго байланыштырышат:

  1. Коронавирустун жаңы мутацияланган – түштүкафрикалык, британдык жана россиялык штаммдарынын пайда болушу;
  2. Адамдардын ар кандай чектөөлөрдөн "чарчоосу" жана натыйжада калктын алдын алуу каражаттарын таптакыр сактабоосу - бет кап тагынуу, кол гигиенасын жана физикалык аралыкты сактоо.
  3. Калктын өзүнө жана курчап турган айлана-чөйрөгө болгон социалдык жоопкерчилигинин төмөндүгү.

Бирок көрсөткүчтөрдүн жогору болушу лабораториялык диагностиканын жеткиликтүүлүгү менен дагы байланыштуу, ошону менен эрте аныктоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү.

Учурда 1 миң 965тин 1 миң 852си же 94%ы лабораториялык жол менен, ал эми 113 учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Ошондой эле, салыштыруу үчүн, өткөн жылдын июль айында лабораториялык анализ менен оорунун 20-30% гана тастыкталган, калгандары клиникалык-эпидемиологиялык байланыштын негизинде.

Пикир

Оставить комментарий