• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID19: МКК санариптештирүү жолу менен Республикалык штабга көмөк көрсөтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы санариптештирүү жолу менен коронавируска каршы Республикалык штабдга көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Каттоо кызматынан кабарлашкандай, президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик кызматтарды санарип форматка өткөрүү боюнча саясатынын алкагында киргизилген өзгөчө абалды жана коронавирустун алдын алуу чараларын эске алганда, санариптик технологияны жайылтуунун актуалдуулугу өсүүдө.

"Мамлекеттик каттоо кызматы коронавируска байланыштуу карантиндеги жарандардын электрондук каттоосун жүргүзүп, кагаз анкеталарды санариптештирүүдө түздөн-түз жардам көрсөтүүдө. Республикалык штабга жардам көрсөтүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын 20дан ашык адиси жөнөтүлдү. Карантиндеги жарандарды каттоонун атайын автоматташтырылган тутуму Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин IT-борборунда иштелип чыккан", -деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле маалыматтарды киргизүүнүн ыкчамдыгын камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясына 10 ноутбукту тапшырды. Бул лаборатория коронавирусту аныктоо боюнча жасалган тесттердин жыйынтыгынын негизги эсебин жүргүзөт.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендантына үзгүлтүксүз иштөөсүн жана электрондук өткөрмө кагаздары берүүнү камсыз кылуу үчүн 25 комплект ноутбук өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий