• 87
  • 90.41
  • 0.84

Cтатком эл каттоо мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартат

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Статистика комитети каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Мында, мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөөлөргө катышкан 18 жаштан жогору курактагы КР жарандарына артыкчылык берилет. Мындан тышкары, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу жумушка кабыл алуу үчүн зарыл шарт болуп саналат

Ишке орношуу боюнча бардык суроолор менен жашаган жер боюнча мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий