• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Эрназар Акматалиев килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 15.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Акматалиев 70 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында молдавиялык Максим Сакултан менен канадалык Винсент де Маринистин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Пикир

Оставить комментарий