Бишкек, 14.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, экөө мелдештин 1/8 финалында 68 кг салмакта күрөшөт. Кармашуу Бишкек убактысы боюнча саат 15:00-16:00дөр чамасында болот.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.
Пикир
Оставить комментарий