• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Дүйнө чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча курама команда эки медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Кыргыстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында эки медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын бирөөсү күмүш, бирөөсү коло.

51 кг чейинки салмакта Кутман Калбаев күмүш медалга, ал эми 45 кг чейинки салмакта катышкан Бекжан Бейшембаев коло медалга ээ болду.

Белгиленгендей, курама команда улук машыктыруучу Дастан Мухтаровдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий