• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык эки балбан алтын медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген.

Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Пикир

Оставить комментарий