• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Дүйнө чемпионаты – U-17. Кутман Калбаев финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште ирандык Аболфази Карамегаиди 8:7 эсебинде утуп финалга чыкты.

Эми ал чечүүчү беттеште азербайжандык Туран Дашдамиров менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. Ага 17 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий