• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 27.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште япониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий