• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Раззак Бейшекеев финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев жаштар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

67 кг салмакта Раззак Бейшекеев алтын үчүн күрөштө грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келет.

Финалдык беттештер бүгүн, 22-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Ал эми 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло медаль үчүн күч сынашмакчы. Анын атаандашы азырынча белгилүү боло элек.

Ошондой эле 97 кг салмакта Нурманбет Раймалы уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Эгер аны утса, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Белгилей кетсек, мелдеш Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Күн мурун, 21-октябрда башталган чемпионат 28-октябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий