• 89.41
  • 96.91
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты (U-23): Бекзат Алмаз уулу коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Албаниянын Тиран шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында алгач 1/8 финалда түркиялык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште беларусиялык спортчуну уткан. Жарым финалда россиялык балбанга жеңилип калган.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий