• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда

Спорт 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Спортчу 60 кг чейинки салмакта алгач 1/16 финалдык беттешинде литвалык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште грузиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде утту.

Ал эми жарым финалдык беттеште ирандык балбан менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз балбандары Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына лицнзия уткан. Дүйнө чемпионатында Медет кызы күмүш медаль багындарса, Тыныбекова алтын байгеге ээ болду. Ал эми Акжол Махмудов бүгүн финалда азербайжандык балбан менен алтын үчүн күрөшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий