• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Дүйнө чемпионатына тандоо. Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши өтөт

Спорт 0


Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, 10-сентябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет. Оюн борбор калаанын жаңыланган башкы аренасы – Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Белгилей кетсек, бул биз үчүн тарыхый беттеш-анткени, улуттук курама команда алгачкы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычынын алкагында өз оюн талаасында оюн өткөрөт.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Пикир

Оставить комментарий