• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы октябрда эки беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы октябрдагы беттештерге даярдыгын баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында кыргыз спортчулары 10-октябрда Катар менен беттешет. Ошондой эле 15-октябрда өз оюн талаасында Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт.

Бул беттештерди утурлай Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 3-октябрдан тартып Сауд Арабиянын Жидда шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Даярдык аяктаган соң команда биринчи беттешке катышуу үчүн 8-октябрда Катарга сапар тартат. Окуу-машыгуу жыйынына бара турган оюнчулардын тизмеси жакын арада жарыяланары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий