• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дүйнө чемпиондугуна чейин жеткен Мээрим Жуманазарованын спорттогу ийгиликтери

Спорт 0

Бишкек, 20.07.24. /Кабар/. 26-июлда Парижде Олимпиада оюндары старт алат. Мелдештер 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категориясындагы беттештерге Мээрим Жуманазарова чыгат. Мелдештер 5-6-август күндөрү “Марсово поле” аренасында болот.

Олимпиада оюндарын утурлай балбан кыз Мээрим Жуманазарованын спорттогу жеңиштерин тизмектедик.

Өмүр баяны: Мээрим Жуманазарова 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Орто билим алгандан кийин Кыргызстан эл аралык университетинин колледжинде жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинде окуган. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Бангкок, 2014);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Индия, 2015);
  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2016);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бангкок, 2017);
  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Финляндия, 2017);
  • Жабык имараттагы Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Ашхабад, 2017);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Бишкек, 2018);
  • Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси (Белград, 2020);
  • Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (2021);
  • XXXII Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси (Токио, 2021);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Казакстан, 2021);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Улан-Батор, 2022);
  • Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо утту (Бишкек, 2024)

Мамлекеттик сыйлыктары:

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында коло медаль утуп алгандыгы үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий