Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3,8 млн адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, дүйнө жүзүндө жалпы 3 млн 847 миӊ 278 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 269 миӊ 729 адам каза болду.
Илдетти эң көп АКШда 1 млн 256 миң 972 (каза тапкандар – 75 670), Испанияда 221 миң 447 (каза тапкандар – 26 070), Италияда 215 миң 858 (каза тапкандар – 29 958), Улуу Британияда 207 миң 977 (каза тапкандар – 30 689), Россияда 187 миң 859 (каза тапкандар – 1 723), Францияда 174 миң 918 (каза тапкандар – 25 990), Германияда 169 миң 430 (каза тапкандар – 7 392), Бразилияда 135 миң 773 (каза тапкандар – 9 190), Түркияда 133 миң 721 (каза тапкандар – 3 641) жана Иранда 103 миң 135 (каза тапкандар – 6 486) адам илдетке кабылган.
Пикир
Оставить комментарий