Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9,6 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн 619 миң 573 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 489 миң 556 киши каза болгон. Ал эми 4 млн 849 миң 802 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 422 миң 312 киши, Бразилияда − 1 млн 228 миң 114, Россияда − 619 миң 936, Индияда − 490 миң 401, Улуу Британияда − 309 миң 455, Перуда − 268 миң 602, Чилиде − 259 миң 64, Испанияда − 247 миң 486, Италияда − 239 миң 706, Иранда − 215 миң 96 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий