• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 9 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 9 млн 43 миң 205 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 639 миң 656 киши каза болгон. Ал эми илдетти 15 млн 736 миң 813 адам жуктуруп алды.

Коронавирусту АКШда − 4 млн 112 миң 529 киши, Бразилияда − 2 млн 287 миң 475, Индияда – 1 млн 337 миң 24, Россияда − 799 миң 499, Түштүк Африкада − 421 миң 996, Мексикада − 378 миң 285, Перуда − 375 миң 961, Чилиде − 341 миң 304, Улуу Британияда − 299 миң 500, Иранда – 286 миң 523 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий