• 87
  • 90.41
  • 0.84

Дүйнөдө жаштар арасында рак оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 19.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Дүйнө жүзүндө 50 жашка чейинкилер арасында рак оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Акыркы жылы бул көрсөткүч 12,8%га өскөн. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды.

Онкологдордун айтымында, жаштар арасында рак оорусунун олуттуу өсүшүнүн себеби толук аныктала элек. Буга жаштардын жашоо образы, же кыймылдын аздыгы дагы өз таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Бейтаптар жашарып баратат. Бул балким, биздин айлана-чөйрөбүздө, тамак-ашыбызда, дары-дармактерибизден болуусу ыктымал, же биз аныктай элек бсебеби бардыр", -дейт Нью-Йорк шаарындагы онкологиялык борбордун эрте башталган GI рак программасынын директору.

Пенсильваниядагы Grand Viev Health компаниясынын рак программасынын директору, доктор Моник Гари да ушундай эле пикирин айтат. Адистин айтымында, анын практикасындагы рак оорусу карылыктын оорусу деген ишенимге карама-каршы келген жаштар көбөйүүдө.

Ал эми Блохин атындагы Улуттук медициналык илимий-изилдөө онкология борборунун баш жана моюн шишиктеринин хирургиялык бөлүмүнүн башчысы Михаил Кропотовдун айтымында, акыркы убакта жаштардын арасында рактын кээ бир түрлөрүнүн учурлары чындап эле кеңири тараган. Орофарингек рагы өзгөчө жаштар арасында көп кездешет, ал адамдын папиллома вирусуна байланыштуу, өзгөчө бул ооруга эркектер көбүрөөк дуушар болору белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий