Дүйнөлүк банк эгемендик жылдардагы Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Дүйнөлүк банк 1990-жылдан 2022-жылга чейинки Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады. Анда, кайсы мезгилдерде ички дүң продукциясынын жогорулаганы тууралуу маалыматтар салыштырылган.

1990-2005-жылдар аралыгында ички дүң продукциясы төмөндөп, көрсөткүчтөр начарлап кеткен. Тактап айтканда, ички дүң продукциянын көрсөткүчү адам башына бөлгөндө 609 доллардан 280 долларга чейин төмөндөгөн.

2005-2008-жылдары өсүү темпинин көрсөткүчү жогорулап, 477 доллардан 966 долларга жеткен. Үч жылда ички дүң продукциянын өсүүсү 489 долларга көтөрүлгөн.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдагандай, бул аралык учурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун экономика жана финансы министри болуп иштеген жылдарына туура келет.

Дүйнөлүк банк жарыялаган маалыматка таянсак, 2010-жылдан тарта 2020-жылга чейинки өсүштүн көрсөткүчү 303 доллар. Он жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көрсөткүчү абдан жай жылган, башкача айтканда, бир калыпта эле кармалган.

2021-2022-жылдары өсүү темпи кескин жогорулап, 1607 долларга жетти. Эки жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпинин көрсөткүчү 424 доллар.

"Акыркы жылдагы көрсөткүч, өсүү темпинин кескин жогорулашы – экономикалык туура саясаттын натыйжасы менен салыштырсак болот. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Кумтөр мамлекетке өттү. Салык, бажы жана башка ири киреше алып келе турган тармактар көзөмөлгө алынды. Мына ушул себептер экономиканын кубаттуу болуп багыт алуусуна шарт түздү.

Кыргызстандын өсүү темпи боюнча Дүйнөлүк банктын расмий көрсөткүчтөрү – мамлекетибиз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына багыт алганын далилдейт. Бул Кыргызстан үчүн жакшы репутация", - деп комментарий берди Дайырбек Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий