• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Дүйнөлүк банк: Тажикстанда экономикалык өсүш басаңдайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, быйыл Тажикстанда экономикалык өсүш басаңдап, 1,7 пайызды түзөт.

Дүйнөлүк банктын адистери белгилегендей, Орусия менен Кытайдын экономикасынын төмөндөөсүнөн улам 2020-жылы Тажикстанда экономикалык өсүш 1,7% төмөндөп, 2021-2022-жылдары 3,5% түзөт. Божомолго ылайык, өлкө бюджетиндеги таңкыстык ички дүң өнүмдүн 5% жетет.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк банк тажик өкмөтүнө тез арада ишкерлик жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган экономикалык реформаларды жасап, өлкөнүн дагы 28 аймагында социалдык жардам көрсөтүү программаларын иштеп чыгып, жүзөгө ашырууну сунуштады.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында өлкөдө көйгөйлүү насыялар көбөйүп, 2016-жылдагы каатчылыктан кийин калыбына келе баштаган банк системасы кайрадан кыйынчылыктарга кабыла турганы белгиленген.

Ал ортодо тажик эксперттери Дүйнөлүк банктын божомолу туура эмес экенин билдиришүүдө.

«Дүйнөлүк банкта Тажикстандын улуттук экономикасынын абалы тууралуу жакшы билген адистер жок. Асмандан алып божомол жасап жатышат, мындай туура эмес божомолдун кимге кереги бар? Албетте, экономикалык өсүш төмөндөйт, бирок Дүйнөлүк банктын божомолунда айтылгандай эмес», — деди тажик парламенинин төмөнкү паатасынын мүчөсү Рустам Кудратов.

Өткөн айда Азия өнүктүрүү банкы быйыл Тажикстанда экономикалык өсүш 5,5% басаңдап, 2021-жылы 5% түзөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий