• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Спорт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Учурда Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө.

Мелдештин Worldnomadgames.kz расмий сайтындагы маалыматка ылайык, медалдардын саны боюнча Кыргызстан 53 медаль менен экинчи орунга жайгашты. Өлкө куржунунда азыр 16 алтын, 17 күмүш, 20 коло медаль бар.

Биринчи орунду 86 медаль менен Казакстан ээледи. Үчүнчү сапта Өзбекстан – 34, Төртүнчүдө Россия – 45, 5-орунда 6 медаль менен Түркия келе жатат.

Белгилей кетсек, учурда мелдеште 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашык спортчу ат салышууда. Ага Кыргызстандын атынан 181 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышууда. Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий