• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков тууралуу учкай маалымат

Спорт 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына саналуу гана күндөр калды. Бүйүр кызыткан беттештерде күчүн сынап, Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулардын арасында Жоламан Шаршенбеков да бар. Балбан мелдеште грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта килемге чыгат.

Алдыда Жоламан Шаршенбеков тууралуу топтолгон кыскача маалыматтар сунушталат.

Өмүр баяны: Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Ал 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.

Үй-бүлөсү: Атасы Назарбек Рысалиев — ишкер, апасы Гүлнара Жуманалиева — мугалим, Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү.

Билими: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктаган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Спорттук жетишкендиктери:
• Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
• Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);
• Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2017);
• Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2017);
• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);
• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018)
• Дүйнө кубогунун ээси (2020)
• Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)
• Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).

Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 7-орунду алгандыгы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий