• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Дүйнө жүзүндө COVID`дин ХЕС жаңы түрү жайылууда. Ал эмнеси менен айырмаланат?

Дүйнө 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Окумуштуулар ХЕС деп аталган COVID`дин жаңы түрү дүйнө жүзү боюнча жайыла баштаганын, ал жакында коронавирустун негизги түрүнө айланып, мурункулардан күчтүү болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

COVID`дин ХЕС жаңы түрү биринчи жолу Германияда үстүбүздөгү жылдын июнь айында табылган, ошондон бери ХЕСтин учурлары Улуу Британияда, АКШда, Данияда, Россияда жана башка бир катар өлкөлөрдө катталды, деп белгилейт америкалык окумуштуу жана Scripps изилдөө институтунун директору Эрик Топол.
Окумуштуулардын белгилешинче, ХЕС мурункулардан анын тезирээк жайылышына жардам бере турган мутациялары менен айырмаланат.

Ал эми Лондон университетинин Генетика институтунун башчысы, профессор Франсуа Балу ХЕС мурунку түрлөрүнө салыштырмалуу бир аз артыкчылыкка ээ экенин, бирок учурдагы вакциналар деле ага каршы жакшы коргоону камсыздай турганын айтты.

Балунун болжоолору боюнча, ХЕС 2025-жылдын кыш мезгилинде Covid-19дун негизги түрү болуп калышы мүмкүн.

COVID`дин жаңы түрүнүн симптомдору буга чейин белгилүү болгон симптомдордон айырмаланбайт. Аларга жогорку температура, дене сөөктөрүнүн оорусу, чарчоо, жөтөл же тамак оору кирет.

ХЕС өтө тез таралышы менен мүнөздөлүп, жогорку жугуштуулугу менен айырмаланган.

Пикир

Оставить комментарий