• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Дүйшөнбек Зилалиев 3 жылга шарттуу кесилди

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Маммүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум болгон.

Судья Зилалиевдин акыркы сөзүн угуп, ага карата чечим чыгарды. Ал күнөөлүү деп табылып, 3 жылга шарттуу түрдө кесилди.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча Зилалиевге карата кылмыш иши козголгон. Ал күнү Зилалиев укук коргоо орган кызматкерлеринин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат билдирген деп болжолдонууда. Бирок ал өзү болгону кызга "комплимент" айтайын дегендигин жана бомба тууралуу сөз да болгон эместигин айтууда.

Бул учурдан кийин Дүйшөнбек Зилалиев ээлеген кызматынан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий