Дача Судагы кырсыктын себептеринин болжолдуу жыйынтыгы чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Эл аралык авиациялык комитет Кыргызстанга “Боинг 747” учагынын кулашынын себептеринин болжолдуу жыйынтыктарын өткөрүп берди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине ӨКМ министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында эл аралык авиациялык комитеттин чыгарган бүтүмүнө ылайык, кырсык учкучтун күнөөсүнөн улам болгон.

“Учурда эл аралык авиациялык комитеттин болжолдуу жыйынтыктары түрк тарапка жана учакты чыгарган америкалык компанияга таанышуу үчүн берилди. Эгер түрк тараптан талаш маселелер жаралса, же алар башкача далилдерди алып чыгышса анда бул чечим кайра каралып, алымча кошумчалар болушу мүмкүн. Кыргызстанга иликтөөнүн расмий жыйынтыктары бардык тараптар менен макулдашылгандан кийин берилет. Кыргыз өкмөтүнүн комиссиясы эл аралык авиациялык комитет менен тыгыз иш алып барууда”,-деди Боронов.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 16-январда саат 07:17 чамасында “Боинг 747” жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай Дача Су айылынын үстүнө кулаган. Учак Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту менен учуп келаткан. Кырсыктын кесепетинен 39 жаран каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий