• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дача-СУдагы учак кырсыгынан жабыркагандарга компенсация төлөп берүү башкы маселе - Өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. “Бүгүн, 11-апрелде Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дачи-СУ айылынын тургундарынын элди көчүрүү талабы менен өткөн митинги боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайбыз”,- деп билдирди Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Азыркы тапта кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу этабында. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын түрктөр тараптан кырсык болгон учактын ээлери жана камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу 2017-жылдын 5-апрелинде өткөн.

Каза болгондордун жакындарына компенсация берүү, денесинен ар кандай жаракат алгандарга материалдык колдоо көрсөтүү, мамлекет тараптан кеткен чыгымдарды төлөп берүү боюнча эки тарап бирдей макулдашууга келип, бул маселе сүйлөшүлгөн.

Азыркы тапта документтерди толуктоо техникалык мүнөздөгү маселелер чечилүүдө. Бул тууралу жакынкы арада кеңири маалымат берилет.

Жабыркагандар сүйлөшүүлөрдүн жыйнытыгы боюнча убагында маалымат алышты. Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү алар менен дайыма тыгыз байланышта. Акыркы жолу жабыркагандар менен ушул жылдын 6-апрелинде жолугушуу болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү максатында ачылган атайын эсебине 600 миң АКШ доллары (42 миң сомдой) каражат түштү. КР ӨКМ эсебине которулган каражат буга чейин Өкмөттүк комиссия жалпы чыгымдарды эсептеп жиберген 195 млн сомдун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Дачи-СУ айылынын тургундарын башка жакка көчүрүү маселеси башка приоритеттүү турак жайлардын катарында Өкмөттүк деңгээлде чечилет.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, азыркы тапта каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү эң биринчи маселе.

Пикир

Оставить комментарий