• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Дагы бир лицензия. Жоламан Шаршенбеков Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ошону менен бирге Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо дагы алды.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде жеңди, андан соң Шаршенбеков грузиялык Придон Абуладзеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 45 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Чейрек финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен кез келип, аны 4:3 эсебинде жеңип, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргыз балбаны финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен беттешет.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Буга чейин кыргыз балбандары Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына лицнзия уткан. Дүйнө чемпионатында Медет кызы күмүш медаль багындарса, Тыныбекова алтын байгеге ээ болду. Ал эми Акжол Махмудов бүгүн финалда азербайжандык балбан менен алтын үчүн күрөшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий