Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон 24 жаштагы жаш режиссер Шамир Раяпов табылды.
“Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал эмен-аман табылган.
Учурда Раяпов Кажы-Сайдагы ата-энесинин үйүндө.
“Учурда ата-энемдин үйүндөмүн. Менин жоголгондугума байланыштуу берилген арыз боюнча ишти токтонууну суранам. Милиция кызматкерлерине дооматым жок”,-деп билдирген Раяпов милицияга.
Пикир
Оставить комментарий