• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Дайырбек Орунбеков: Мелис Аспековдун жалган билдирүүсүнүн чыныгы себептери такталды

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Мелис Аспековдун жалган билдирүүсүнүн чыныгы себептери такталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, 2020-жылы Садыр Жапаров боштондукка чыкканда Мелис Аспеков жанынан чыкпай жүргөн. Көп өтпөй шайлоого даярдыктар да башталган. Мелис Аспеков ошол кезде ар кыл иштерге жардам берем деп Садыр Жапаровдун жанындагылар менен чогуу эле жүргөн.

Ошол эле кезде шайлоого керек деген шылтоо менен бир топ аткаминерден, бизнесмендерден акча алып жүрүптүр. Акча талап кылып жүргөнү Садыр Жапаровго билинип калып, мындай ыплас аракеттерин токтотуу талабы менен ага эки жолу катуу эскертүү берген.

"Каныбек Туманбаевден дагы “шеф сурап жатат, мен алып кирип берем”-деп 1 миллион доллар сураганына мен өзүм күбө болгом. Ал кезде Садыр Нургожоевичтин жакындарына доступ бар болчу, эч кандай акча сурабаганын бат эле тактап алгамын. Бул тууралуу мурда кенен жазгамын.

Эскертүү алганына карабай Аспеков макул деп коюп, ошол кездеги “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Василий Дашковдон 250 миң доллар талап кылып атканы тууралуу маалымат түшүп, Садыр Жапаров “ким экенине карабай кармагыла” деген буйрук берген.

Мелис Аспеков Дашковго Улан Жураев менен чогуу барып акча алып кармалганын билесиздер. Улан Жураев “мен акчаны алып эле Мелиске бергем” деген.

Мелис Аспеков видеолорунда чындыкты жарым жартылай айтып атат. Ал чындап эле Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алган. Бирок Садыр Жапаровго да, башкасына да берген эмес.

Райым Матраимов Мелис Аспеков андан алган акчаны эч кимге бербей, өзүнө алганын, Садыр Жапаров эч кимден акча талап кылбаганын жана өзүн Мелис алдап кеткенин билип калып “Мелис акчаны кайра кайтаргын” деп Аспековдон акчасын доолай баштаган.

Ал кезде Матраимов да камала элек, мыйзамдагы ууру аталган кримавторитет Камчы Көлбаев да тирүү болчу", - деди Дайырбек Орунбеков.

Ошондой эле ал Мелис Аспеков коркуп өзүн акташ жана жанын сакташ үчүн “акчаларды Садыр Жапаровго бердим” деген өлармандык сценарийди ойлоп тапканын, ишенимдүү болсун деген ой менен коомчулукка калптарын айтып жатканын кошумчалады.

"Жыйынтыктап айтканда, Мелис Аспеков Райым Матраимовдон алган үч миллион долларды кайра кайтарбаштын айласы кылып ушундай кадамга барууда. Тактап айтканда, ал Райым Матраимовдун алдында актануу аракетин көрүүдө.

Ар кимден алган акчасына түрдүү кымбат унааларды минип, жан сакчылар менен жүрүп калганына эл дагы күбө болгон. 5-октябрга чейин жөө жүргөн Аспеков дароо байлыктарга ээ болуп, көзүн май басып улак оюндарын, волейбол, эрежесиз эр уруштарды өткөрүп өзүн хан сезип алган болчу. Азыр Мелиске акча алдаткандар Матраимов эле эмес, көп. Ошого абактан чыкпоонун амалын көрүп, кайра-кайра кылмыш жасап чыкпай отурат", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий