Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды турак жайларын камсыздандырууга чакырды.
Анын айтымында, айыл жериндеги турак жайларды камсыздандыруунун баасы бир жылга 618 сом.
"Эгерде жаратылыш кырсыктарынан турак жай жабыркап, чыгымга учураса, анда камсыздандырылган турак жайга – мамлекеттик камсыздандыруу уюму 500 миң сомго чейин чыгымдын ордун толтуруп берет.
Шаардагы турак-жайды камсыздандыруу бир жылга 1236 сом болот, эгерде турак жай жабыркап, үй ээси чыгымга учураса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 1 млн сомго чейин чыгымын жаап берет.
Андыктан, камсыздандырып алуу турак жай ээсинин кызыкчылыгын коргойт", - дейт ал.
Пикир
Оставить комментарий