Данияр Амангелдиев Анталия миллионерлер клубунун ишкерлери менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Анталия миллионерлер клубунун жетекчиси баштаган түрк бизнесмендеринин делегациясы менен жолукту.

Министр конокторду Кыргызстандын экономикалык саясатынын максаттары жана милдеттери, ошондой эле пландаштырылган артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлору менен тааныштырып, туристтик чөйрөдөгү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Данияр Амангелдиев демилгеленген Бүткүл сезондук тоо-туристтик Baytik Mountain Resort курорту, "Үч чоку" жана "Чаткал Резорт" долбоорлорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду инвесторлорго аталган долбоорлорду презентация кылып, кеңири маалымат берди.

Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүдө чет элдик инвесторлорго берилүүчү шарттарга жана кепилдиктерге өзгөчө көңүл бурулду. Министр өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр деп ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү жана каралган долбоорлорду ишке ашырууну иштеп чыгуучу жумушчу топторду түзүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий