• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Данияр Амангелдиев Түркмөнстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голли менен жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Данияр Амангелдиев акыркы мезгилде эки өлкө ортосунда ийгиликтүү өткөрүлгөн бир катар маанилүү иш-чараларды белгилеп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал Эки өлкө ортосундагы эл аралык жүк ташуу жана Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу жана андан ары Түркмөнстанга Каспийге чыгуу менен транспорттук коридорду ишке киргизүү жаатында ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгүн, бул аймактын транзиттик жана транспорттук-логистикалык потенциалын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Өз кезегинде элчи Нура Голлиев энергетика жана айыл чарба тармагындагы ийгиликтүү кызматташтыкты, өз ара соода көлөмүнүн өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Ашхабад шаарында өткөрүлө турган инвестициялык форум тууралуу маалымат берди.

Тараптар 2024-жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Соңунда тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан ары ырааттуу өнүгүүсүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий