Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангелдиев Данияр Жолдошевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангелдиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Пикир
Оставить комментарий